Кыргыз өкмөтү “Крокустагы” терактыдан жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө даяр

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москвадагы терактка байланыштуу Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустинге көңүл айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
«Крокус сити холлдо» көптөгөн курмандыктарга алып келген терактыга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кыргызстандын министрлер кабинети жабыркагандарды колдоп, бардык жактан жардам берүүгө даяр. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтарыбызды жеткирип коюңузду суранам», — деп айтылат телеграммада.
Эске салсак, 22-мартта аталган концерттик залда белгисиз адамдар тарабынан ок атылып, өрт чыкты. Алдын ала маалымат боюнча 40 адам каза таап, 100дөн ашык адам жабыркаган. Ал эми Россиянын ТИМи окуяны теракт деп атап, Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУ "Крокустагы" террордук чабуулду кескин айыптады

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү “Крокус сити холлдо” көп сандаган адам өлүмүнө алып келген терактыны кескин айыптап, бардык мамлекеттерди террордук чабуулга катышкандарды жоопкерчиликке тартуу үчүн Орусия менен жигердүү кызматташууга чакырды. РИА Новости билдиргендей, БУУнун Коопсуздук кеңеши “Крокустагы” теракттын бардык күнөөкөрлөрүн, уюштуруучуларын жана демөөрчүлөрүн жоопко тартуу зарылдыгын белгиледи. Ал эми Shot Telegram […]

Сизге жагышы мүмкүн