БУУ “Крокустагы” террордук чабуулду кескин айыптады

Автор

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү “Крокус сити холлдо” көп сандаган адам өлүмүнө алып келген терактыны кескин айыптап, бардык мамлекеттерди террордук чабуулга катышкандарды жоопкерчиликке тартуу үчүн Орусия менен жигердүү кызматташууга чакырды.
РИА Новости билдиргендей, БУУнун Коопсуздук кеңеши “Крокустагы” теракттын бардык күнөөкөрлөрүн, уюштуруучуларын жана демөөрчүлөрүн жоопко тартуу зарылдыгын белгиледи.
Ал эми Shot Telegram каналы террорчуларды айыптаган жана”Крокустагы” курман болгондорго көңүл айткан өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады:
– АКШ эмне болгонун билет. Ак үй окуя болгон жерден тартылган кадрларды “үрөй учурарлык” деп атады. Вашингтон дагы теракт даярдагандыгы тууралуу маалыматы жок экенин билдирди. АКШ Москвадагы терактка Украинанын же украиналыктардын тиешеси бар деген эч кандай белги көрбөгөнүн билдирди.
– Франция Москва облусунда болгон теракттан кийин орус элине көңүл айтып, тилектештик жарыялаганын өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышты.
– Испаниянын Тышкы иштер министрлиги Орусиядан келген кабарга таң калганын жана Мадрид зордук-зомбулуктун бардык түрүн айыптай турганын билдирди.
– Италиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы өлкөнүн бийликтери ар кандай теракттарды айыптап, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтөөрүн билдирди.
«Биз кандай формада болбосун терроризмди айыптайбыз», – деди Польшанын Тышкы иштер министрлигинин башчысы.
– Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Лавровго телефон чалып, Эрдогандын атынан Орусия элине көңүл айтты.
– Александр Лукашенко Владимир Путинге көңүл айтты. Беларустун Саламаттыкты сактоо министрлиги да Орусияга теракттан жабыркагандарды дарылоодо жардам көрсөтүүнү сунуштады.
– Кыргызстан президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинге Москвадагы терактка байланыштуу телеграмма жолдоп, Бишкек кол салууну катуу айыптаганын билдирди.
– Армениянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү террордук чабуулга байланыштуу колдоо жана көңүл айтуу сөздөрүн билдиришти.
Террордук чабуулду Пакистан, Өзбекстан, Иран, Египет, Куба, Сауд Аравиясы, Колумбия, БАЭ, Бурунди, Борбордук Африка Республикасы жана Сирия да айыпташты. Венесуэла, Палестина, Сербия жана Кубанын президенттери, Бахрейндин падышасы көңүл айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

УКМК: Матраимовдун Баку шаарында экендиги аныкталды

Издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов Азербайжандын борбору Баку шаарында экендиги аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалымытка ылайык, аны кармоо тууралуу азербайжан тарапка кат жөнөтүлгөн. Учурда азербайжандык кесиптештер аны кармоо жана андан ары Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин иштеп чыгууда. Ошол эле учурда ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Райымбек Матраимовдун Кыргызстандын жетекчилигине кол […]

Сизге жагышы мүмкүн