Кыргыз-Тажик чек арасынын дагы 11 чакырымы такталды

Автор

Тажикстандын Бустон шаарында Кыргыз-Тажик чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү жолугушту. Алар дагы 11 чакырым жер тилкесин аныктоого жетишишти. Жалпылап айтканда, Кыргыз-Тажик мамлекеттеринин чек ара тилкеси 972 чакырымды түзөт. Былтыр анын 290 чакырымы тактала электиги маалым болгон. Ал эми бир жыл аралыгында түзүлгөн комиссия 200 чакырым жер тилкесин аныктап бүттү.

Бөлүшүү:
Next Post

Арменияда космонавттарды Марска даярдоо башталды

Вюрцбург университетинин немис изилдөөчүлөрү Армениянын Армаш айылына жакын жерге келишкен. Ал жерде алар Марска болочок миссиялар үчүн скафандрларды жана роботторду сынашат. Аймак кокусунан тандалып алынган эмес – аймактын топологиясы Марстын рельефине окшош. План боюнча алты адам эки аял жана төрт эркек текшерүүдөн өтөт. Алар Марстын шарттарында колдонууга арналган роботтук механизмдерди […]

Сизге жагышы мүмкүн