Бүгүндөн тарта бир катар троллейбус каттамдарынын кыймылы өзгөртүлөт

Автор

Бишкек шаарында бүгүн, 5-апрелден тарта бир катар троллейбус каттамдарынын кыймылы убактылуу өзгөртүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, троллейбустардын кыймылы Асаналиев көчөсү боюнча канализациялык коллектордун салынышына байланыштуу өзгөртүлмөкчү.

Алсак, № 4 троллейбус Фучик-Дэн Сяопин-Бейшеналиева көчөлөрү аркылуу өтүп, андан ары өзүнүн маршруту боюнча жүрөт.

№7 троллейбус Фучик-Дэн Сяопин-Бейшеналиева-Киев көчөлөрү боюнча өтүп, андан ары өзүнүн маршруту боюнча каттайт.

№10 троллейбус Бейшеналиева-Дэн Сяопин-Интергельпо көчөлөрүнүн батыш багыты боюнча жана андан ары өзүнүн каттамы менен жүрөт.

Бишкек мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана маршрутту алдын ала пландап алууну суранат.

Бөлүшүү:
Next Post

“Бешинчи канал” жана “Пирамида” телеканалдары жоюлат

“Пирамида” жана “Бешинчи канал” телеканалдары банкрот болгондугуна байланыштуу жоюлат. Бул тууралуу Жогорку Кенештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.   Анын айтымында, бүгүнкү күндө телеканалдардын карызы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун адистери алектенүүдө.   “Телеканалдарды […]

Сизге жагышы мүмкүн