Токаев: Казакстан Россияга каршы эмес

Автор

Президент Касым-Жомарт Токаев Германияга болгон расмий сапарынын алкагында «Казинформ» агенттигине берген маегинде Казакстандын Россияга каршы санкциялык саясаты боюнча позициясын билдирди.
«Казакстан Россияга каршы эмес, биз дүйнөдөгү эң узун чек ара бириктирген Россия менен толук кандуу кызматташууга бекем чечкиндүүбүз. Санкцияларга келсек, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жакында болгон сессиясында жана башка сүйлөгөн сөздөрүмдө мен санкциялык конфронтация эл аралык мамилелерди жакшыртуу көз карашынан алганда таптакыр тескери натыйжа берээрин белгиледим»,-деди президент.
Ал кошумчалагандай, Казакстанда санкциялык чектөөлөргө дуушар болгон товарлар жок.

Бөлүшүү:
Next Post

30-сентябрга карата аба ырайы

Эртең, 30-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24,   Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактында түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25,   Ысык-Көл […]

Сизге жагышы мүмкүн