Кыргыз балбандары Казакстанда өткөн мелдеште алтын утту

Автор

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Алмазбек Сманбеков жана Алибек Осмонов Тараз шаарында өткөн Эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 57 кг чейинки салмакта катышкан Алмаз Сманбеков 1-орунга татыды. Ал эми 70 кг чейинки салмакта Алибек Осмонов дагы финалдык беттеште казакстандын балбанын жеңип, алтын медалды багындыра алды.

Белгилей кетсек, Динмухамед Кунаевдин жаркын элесине арналган Эл аралык мелдеш 3-5-ноябрь күндөрү Тараз шаарында өттү.

Бөлүшүү:
Next Post

Жаңы мэр «Тазалыктын» техникаларынын кышка даярдык иштери менен таанышты

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Тазалык» муниципалдык ишканасынын техникаларынын кышка карата даярдык иштери менен таанышты. Муниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, мэр ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, базалардын биринде техника, ошондой эле туз жана башка инерттүү материалдар сакталаган кампаларды көрүп чыкты. Таанышуунун жыйынтыгы боюнча калаа башчысы кыш мезгилин штаттык режимде өткөрүү үчүн 2023-жылдын […]

Сизге жагышы мүмкүн