Эрлинг Холанд 2023-жылдын мыкты футболчусу аталды

Автор

Британиялык FourFourTwo журналы 2023-жылдын эң мыкты 100 футболчунун рейтингин түздү. Мыкты футболчу болуп англиялык “Манчестер Сити” клубунун чабуулчусу Эрлинг Холанд табылды.
2023-жылдагы планетанын жүз мыкты футболчуларынын рейтингинде биринчи болуп норвегиялык жана “Манчестер Ситинин” чабуулчусу Эрлинг Холанд болду.
“2023-жыл Хааландка таандык болгон. Үч трофей, 38 гол менен Премьер-Лиганын бир сезондогу рекорду жана мелдеште 50 гол киргизген эң тез оюнчу.
Экинчи орунда Испаниянын “Реал Мадрид” клубунун жана Англия курама командасынын жарым коргоочусу Жуд Беллингем турат. Үчүнчү орунда Бавариянын жана Англия футбол командасынын чабуулчусу Гарри Кейн болду.

Килиан Мбаппе (ПСЖ)
Родри (Манчестер Сити)
Лионель Месси (Интер Майами)
Бернардо Силва (Манчестер Сити)
Мохамед Салах (Ливерпуль)
Антуан Гризманн (Атлетико Мадрид)
Винисиус Жуниор (Реал Мадрид)
Букайо Сака (Арсенал)
Жамал Мусиала (Бавария)
Кевин Де Брюйне (Манчестер Сити)
Виктор Осимхен (Наполи)
Илкай Гюндоган (Манчестер Сити)
Уильям Салиба (Арсенал)
Трент Александр-Арнольд (Ливерпуль)
Джон Стоунз (Манчестер Сити)
Рафаэль Леау (Милан)
Деклан Райс (Арсенал).

Бөлүшүү:
Next Post

ДССУ дүйнөдө “жаңы ковидден” кооптонууда

Жакынкы келечекте Түндүк жарым шарда коронавирустун жаңы варианты менен ооругандардын саны көбөйүшү мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) эскертти. Жаңы түрү JN.1 деп аталды. ДССУ штаммды коопсуз деп мүнөздөдү. Ошол эле учурда вакциналар ооруулардан жана өлүмдөн коргой турганын белгиледи. АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору коронавирустун бул […]

Сизге жагышы мүмкүн