Кыргызстан менен Беларустун ортосунда парламенттер аралык кызматташтыкка кол коюлду

Автор

Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен Беларустун Улуттук жыйынынын ортосунда Парламенттер аралык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү документке КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Беларустун Улуттук Жыйынынын Республикалык Кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова жана Өкүлдөр палатасынын төрагасы Владимир Андрейченко менен жолугушуусунда кол коюлду.

Алгач парламент жетекчилери тар чөйрөдө баарлашып, андан соң кеңири курамда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан Беларусь менен достук мамилелерди чыңдоого кызыкдар экендигин белгилеп: “Быйыл эки өлкө ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнө 30 жыл толот. Андыктан, мындан ары да калыптанган кызматташтыкты кеңейтип, айрыкча парламенттер аралык байланышты өнүктүрүшүбүз керек. Айрыкча, депутаттык достук топторунун, тармактык комитеттердин ортосундагы кызматташтыкты арттырып, эл аралык уюмдардын алкагындагы өнөктөштүктү да өрчүтүшүбүз шарт”,– деди.

Муну менен катар эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүнүн көлөмү ортодогу мүмкүнчүлүккө толук жооп бербестигин белгилеген Нурланбек Шакиев Кыргызстан Беларусь мамлекетине айыл чарба продуктуларын экспорттоого кызыкдар экендигин кошумчалады. Андан тышкары, маданият жана билим берүү жаатында да жигердүү кызматташуу зарылчылыгына токтолду.

Өз кезегинде Беларусь парламентинин төрайымы Наталья Кочанова кезинде эки өлкө бир мамлекеттин курамында жашаганын белгилеп: “Биздин тарыхый байланыштарыбыз терең. Улуу Ата Мекендик согуш маалында миңдеген кыргызстандык жоокерлер Беларусь жергесин душмандардан коргоп, баатырларча курман болушкан. Алардын эрдигин эч качан унутпайбыз”, – деди.

Ошондой эле өз ара ишенимге негизделген кызматташтыкты өнүктүрүп, мамлекеттер ортосунда жетишилген макулдашууларды ийгиликтүү ишке ашыруу зарылчылыгын айткан Наталья Кочанова: “Эки өлкө кабыл алган бардык келишимдер мамилелерибизди бекемдеп, мамлекеттерибиздин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт”, – деп билдирди. Муну менен катар жарандар ортосунда тыгыз байланышты камсыздоо үчүн түз аба каттамдарын ачуу зарылчылыгына токтолуп, саламаттыкты сактоо жаатында да кызматташуу артыкчылыкка ээ экенин кошумчалады.

Ал эми Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Владимир Андрейченко эл аралык уюмдардын алкагындагы байланыштар тууралуу сөз кылып, Кыргызстанга электромобилдерди бажы төлөмдөрүсүз киргизүүгө байланыштуу Евразиялык экономикалык биримдик тарабынан бекитилген квотанын санын көбөйтүү демилгесин колдой тургандыктарын билдирди.

Мындан сырткары, баарлашуу маалында айыл чарба жана тоо кен өнөр жайына керектүү техникаларды Кыргызстанга экспорттоо мүмкүнчүлүгү да көтөрүлдү.

Жолугушуунун соңунда Кыргызстан менен Беларустун ортосунда Парламенттер аралык кызматташуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюлду. Ошондой эле төрага Нурланбек Шакиев Наталья Кочанова жана Владимир Андрейченконун коштоосунда Беларусь парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышып, Ардактуу коноктор китебине каалоо-тилегин жазып калтырды.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 6-октябрга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 88.76 сомдон  болсо, сатуу  88.97 сомго  чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 88.71 сом  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн