Кыргызстанда жумушсуздардын саны 2,5% азайды

Автор

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча жумушсуздардын саны 2021-жылга салыштырмалуу 2,5%га, ал эми жалпы жумушсуздуктун деңгээли 0,5%га кыскарды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.

“Отчеттук мезгилде республикада иш менен камсыз болгондордун саны 2 миллион 537,9 миң адамды, жумушсуздардын саны 142,6 миң адамды түздү”, — деп айтылат маалыматта.

Республикадагы расмий жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калктын 2,9%ын түздү.

Белгилеп кетсек, жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров «КРнын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР мыйзамына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти. Мыйзам 2023-жылдын 5-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ага ылайык, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин жоболорун актуалдаштыруу жана ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен финансы пирамидасын ачык айкын, массалык маалымат каражаттарын […]

Сизге жагышы мүмкүн