Чукул билдирүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Автор

Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, жакынкы эки саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот. Батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырат жана шамал болгон кезде коопсуз жайларда болуу керектигин эскертет.
Кырсык катталса 112 кызматына чалып, жардам чакырыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы кармалды

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.А. акча каражаттарын пара катары берүү учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларын аныктоого багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.А. […]

Сизге жагышы мүмкүн