Бишкекте шаурмадан уулангандардын саны 43кө жетти

Автор

Бишкекте тез татымдан шаурма жеп уулангандардын саны 43кө жетти. Бул тууралуу  Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооурканасына кайралгандардын саны 43 адамды түзүп, анын ичинен 23ү жаткырылды, анын экөөсү – балдар.

Белгиленгендей, жабыокагандардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык.”Алардын бары зарыл болгон дары-дармектер менен камсыз болушту. 20 адам медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Айыл чарбасын каржылоо боюнча 3,2 млрд сом насыя берилди

«Айыл чарбасын каржылоо-11» долбоорунун алкагында 2023-жылдын 28-сентябрына карата дыйкандарга жалпы 3 миллиард 273 миллион 115 миң сом насыя берилген. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Өсүмдүк өстүрүүгө категориясы боюнча жалпы суммасы 860 млн 688 миң сомду түзгөн 2052 кредит берилген. Мал чарбасына 2 миллиард 412 миллион 427 […]

Сизге жагышы мүмкүн