Баткен облусунда  416 үй курулуп бүттү

Автор

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы каргашалуу окуялардын натыйжасында талкаланган Лейлек районуна караштуу бир нече айылдарында курулуп бүткөн турак-жайлардын абалы менен таанышты.

 

Текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен облусу боюнча жалпысынан 417 турак-жай жабыркаганы, бүгүнкү күндө 416 турак-жайдын курулушу бүткөрүлгөнү айтылды. Ак-Сай айылында жайгашкан бир үй 2 күндүн ичинде бүткөрүлөөрү белгилүү болду.

 

Белгилей кетсек, үйлөрдү курууга республикалык бюджеттен 1,3 млрд сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.

 

Бүткөрүлгөн үйлөр менен таанышып чыккан Акылбек Жапаров өзгөчө макамга ээ болгон Баткен облусун өнүктүрүү мамлекеттин приоритеттүү багыты экенин белгиледи.

 

“Мамлекет башчысы Баткен облусунун “депутаты” дагы, “министри” дагы экенин, облус калкынын жашоосун мурдагы нукка буруу үчүн бардык шарттарды колдонобуз деп бир нече жолу айткан. Бардык шарттары бар турак-жайлар курулуп бүттү, социалдык объектилер, аскердик инфраструктураны бүтүрүү стадиясында турат, жолдор, анын ичинде ички жолдор курулууда. Акырындык менен жашоо жакшырып баратат, баары жакшы болот, Баткенди гүлдөп-өсүү гана күтүп турат”, – деп баса белгиледи минкаб төрагасы.

 

Андан соң ротация менен келген жергиликтүү бийлик башчыларына курулган кызматтык үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.

 

Учурда үйлөрдүн курулушу 85%га бүтүп калды, тактап айтканда, пайдубалын түптөө бүткөрүлүп, чатыры жабылып, ички жана тышкы оңдоо иштери бүткөрүлдү.

 

Маалым болгондой, облус боюнча жалпысынан 31 ушундай турак-жай курулат.

 

Иш сапарынын биринчи күнүнүн соңунда минкаб төрагасы Лейлек районунун ички жолдорун реконструкциялоо иштери менен таанышып, жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанасаат: Жакшы сөз акылга азык, жүрөккө дары, денеге кубат болот

Алла Таала жакшы сөз менен жаман сөздү Ыйык Курандагы «Ибрахим» сурөсүнүн 24-26 аяттарында төмөнкүчө салыштырып баяндаган: «Алла жакшы сөздү жакшы дарак сыяктуу деп кантип мисал келтиргенин көрбөдүңбү? Анын тамыры бекем, бутактары асманда» (24), «Ар дайым Алланын уруксаты менен мөмө- жемишин берип турат. Алла адамдарга мисалдарды келтирет, мүмкүн алар (Аны) эстеп […]

Сизге жагышы мүмкүн