Кыргызстандын эң ири соода өнөктөштөрү аталды

Автор

Кытай, Россия жана Казакстан Кыргызстандын эң ири соода өнөктөштөрү болуп эсептелет. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында айтылат.

Өткөн жылы Кыргызстандын жалпы тышкы соода жүгүртүүсү 11,8 миллиард долларды түзгөн. Анын 2 миллиард 186,7 миллиону экспортко туура келген (2021-жылга салыштырмалуу 565,5 миллионго аз).

Кыргызстандын эң ири 10 соода өнөктөшү:

  1. Кытай — 4 миллиард 130,3 миллион доллар (экспорт 60,8 миллион);
  2. Россия — 3 миллиард 234,6 миллион (963,6 миллион);
  3. Казакстан — 1 миллиард 188 миллион (438,2 миллион);
  4. Түркия — 628,9 миллион (140,6 миллион);
  5. Өзбекстан — 599,3 миллион (236,6 миллион);
  6. АКШ — 246,8 (4,8 миллион);
  7. Германия — 180,4 миллион (15,8 миллион);
  8. Корея Республикасы — 157,6 миллион (1,1 миллион);
  9. Бириккен Араб Эмираттары — 125 738,7 миллион (101 миллион);
  10. Индия— 117,9 миллион (10,5 миллион).
Бөлүшүү:
Next Post

Шашылыш билдирүү!Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 6-мартынан 9-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 198-265 чакырымдарында «Чычкан» капчыгайы, «Ала-Бел» ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп […]

Сизге жагышы мүмкүн