Шашылыш билдирүү!Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Автор

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 6-мартынан 9-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 198-265 чакырымдарында «Чычкан» капчыгайы, «Ала-Бел» ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

«Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз», — деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

7-мартта күтүлгөн аба ырайы

7-марттын кечинде Кыргызстандын көпчүлүк дубандарында жаан, тоолуу аймактарда кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25,   Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 18…23,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25,   Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14,   Нарын облусунда […]

Сизге жагышы мүмкүн