Дүйнөдө кеңири жайылган ырым-жырымдар

Автор
  1. Кара мышык

Баардыгыңызга  белгилүү болгондой көп өлкөлөрдө жолдон кара мышык  өтсө  бир жамандык болоору маанисине келет. Бир жагынан Жапония, Англия жана Ирландия сыяктуу өлкөлөрдө кара мышык ийгилик алып келээрине ишенишет.

  1. Сынык күзгү

Сынык күзгүнүн  бактысыздык  алып келээри  өтө жайылган  ишеничтердин бири. Бул ишенич дагы күзгүнүн пайда болушунун адамдын рухунун бир бөлүмүн чагылдыргандан чыккан. Ал ишеничке караганда күзгү сынганда адамдын рухунун да бир бөлүгү талкаланат.Ошондуктан кээ бир өлкөлөрдө бирөө каза болгондо  үйүндөгү күзгүлөрдү ыргытат же үстүн жаап коет. Муну менен өлгөн кишинин руху күзгүдө калбастан үйдөн учуп кетээрине ишенишет.

  1. Тепкичтердин алдынан өтүү.

Өтө жайылган  ишеничтердин бири дагы тепкичтердин  алдынан өтүү. Бул ишеничтин кайдан келгенине тийешелүү түрдүү пикирлер болсо дагы эң  так жана ачык себептеринин бири – тепкичтердин  алдынан өтүүнүн кооптуулугу. Эң башкысы саламаттыгы жана коопсуздугунан улам бул ырым-жырымдарды көпчүлүгү карманышат.

  1. ’13’ саны

Бул сандан жамандык алып келээри кайдан чыккандыгы белгисиз болсо дагы өтө кеңири жайылган ишеничтерден. Өтө коркунучтуу  13 саны фобиясы   медицинада “Трискаидекафобия” деп аталат. Бул сандан коркондуктун айынан көпчүлүк учактарда 13 номерлүү орундуктар жок. Орундуктардын 12ден 14кө жылып кетет. Көп кабаттуу үйлөрдө 13-кабат же батирлер алынып салынган. Ал эми  Италия жана Кытайда 13 саны бактылуулуктун саны катары билинет.

  1. Бармактарды шакылдатмак.

Кайсы бир өлкөлөрдө бирөөгө  убада бергенде бармактарын шыпылдатмасы сөзгө турбагынын билдирет. Ал эми кайсы бир маданияттарда бул белги жакшылыкты калоо -тилеги катарында билинет.

  1. Орусияда жайылган ырым-жырымдар.

Орусияда дайыма жуп сандагы гүлдөр берилбейт. Куттуктоодогу гүлдөр так санда болушу шарт. Дагы бир жайылган ырым-жырымдардын бири кокустан алдына бирөө суу төксө  акчаң жоголот.

Бөлүшүү:
Next Post

Мандариндин сиз билбеген пайдалары

Мандарин кан айлануу системасына жакшы таасирин тийгизет: жүрөк жана кан тамырларды бекемдейт, шишиктерди басат, кан басымды нормалдаштырат, аз кандуулуктун алдын алат, гипертония, атеросклероз, ишемия, инфаркт жана инсульттун пайда болуу коркунучун азайтат. Мандариндин баланын организми үчүн пайдасы баа жеткис. Пайдалуу өзгөчөлүктөрү Мандаринде көптөгөн органикалык кислоталар, фитонциддер, витаминдер жана пайдалуу микроэлементтер бар. […]

Сизге жагышы мүмкүн