Кыргызстандын футбол боюнча чемпионатында 10 клуб ат салышат

Автор

Кыргызстандын футбол союзунун кеңсесинде жаңы шайланган КФУнун аткаруу комитетинин биринчи отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Уюмдун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө 2024-жылдын сезонуна карата Жогорку Лига командалары арасындагы футбол боюнча Кыргызстандын чемпионатына катышуучулардын курамы бекитилди.
Чечимге ылайык, былтыркы чемпионатта ат салышкан 10 клубдун курамы өзгөрүүсүз калды.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын футбол боюнча 2023-сезондун чемпиону финишке бир тур калганда жана экинчи жолу катары менен Канттын «Абдыш-Ата» клубу аталды – 57 упай. Экинчи орунда “Алай” – 51, үчүнчү орунда “Дордой” – 50.
Кийинкилер: “Алга” – 44, “Мурас Юнайтед” – 42, “Талант” – 34, “Нефтчи” – 32, “Илбирс” – 26, “ОшМУ-Алдиер” – 23 жана “Кара-Балта” – 13 .

Бөлүшүү:
Next Post

Жалпы республикалык тестке онлайн каттоо башталды

Жалпы республикалык тестке онлайн каттоо (онлайн түрүндө) башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп бүтүрүүчүлөрү 29-февралдан 4-апрелге чейин сынакка жазыла алышат. Каттоо 2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуп жаткан окуу жайларында жана мурунку жылдары бүткөн бүтүрүүчүлөр үчүн негизги жашаган жеринде жайгашкан райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн […]

Сизге жагышы мүмкүн