Кыргыз балбандарга унаа жана акчалай сыйлыктар тапшырылды

Автор

Кыргыздын желегин желбиреткен балбандарга унаа жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Маалыматка ылайык, сыйлыктар өнөктөштөр менен биргеликте “Алтын Альянс” клмпаниясы тарабынан берилди.
Былтыр күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын алдында компаниянын башкы директору Сабир Рахматов спортчуларга жолугуп, бир жылдык витаминдер жана спорттук кийимдерди тапшырган. Жолугушуунун жүрүшүндө дүйнө чемпионатында алдыңкы орун алгандарга унаа белек кыларын убадалаган.
Ошентип, 2023-жылдын сентябрь айындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Жоламан Шаршенбеков алтын, Айпери Медет кызы күмүш тагынган. Жакында эле эки спортчу Бишкекте өткөн Азия чемпионатында алтын байге утуп алышты.
“Альянс Алтын” компаниясы өнөктөштөрү “Аджи Сервис” ЖЧК, “Кыргыз Логистик Сервис” ЖЧК, “ААЕngeneering” компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте Жоламан Шаршенбеков менен Айпери Медет кызына убадаланган унааларды тапшырды.
Ошондой эле дагы сегиз спортчуга — Мээрим Жуманазарова, Үзүр Жусупбеков, Бекзат Алмаз уулу, Калидин Асыкеев, Раззак Бейшекеев, Исламбек Орозбеков, Тынар Шаршенбеков менен Атабек Азизбековго 100 миң сомдон акчалай сыйлык ыйгарылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмеронду кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Борбордук Азияга болгон сапарынын алкагында өлкөгө расмий сапар менен келген Улуу Британиянын тышкы иштер министри, лорд Дэвид Кэмеронду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-британ эки тараптуу кызматташтыгынын, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана транспорт тармактарындагы перспективалар тууралуу пикир алмашуу болду. Ошондой эле тараптар билим берүү жана сезондук […]

Сизге жагышы мүмкүн