Кыргызстандык спортчу кураш боюнча Дүйнө чемпионатында коло медаль утту

Автор

Кыргызстандын кураш боюнча курама командасынын мүчөсү Жамалбек Асылбек уулу Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан ХХIV Дүйнө чемпионатында коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчу 90 кг чейинки салмакта катышкан. Алгач 1/8 финалдык беттеште мексикалык балбанды утса, 1/4 финалдык беттеште тажикстандык балбанды жеңген. Жарым финалдык беттеште өзбекстандык спортчуга утулган.

Эскерте кетсек, кураш боюнча ХХIV Дүйнө чемпионаты 23-ноябрда башталган, бүгүн жыйынтыкталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан Палестинага гуманитардык жардам жөнөтөт

Жакынкы күндөрү президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Палестинага 5 тонна гуманитардык жардам жеткирилет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министр Бообек Ажикеев Палестинанын Жарандык коргонуу башкы директорунун  башчысы Алабед Ибрагим Абдул Салам Халил менен байланышты. Сүйлөшүүдө министр кыргызстандыктар Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга жана Газа тилкесиндеги гуманитардык кризиске терең кайгыруу […]

Сизге жагышы мүмкүн