Алматыда жер титирөөдөн 44 адам ооруканага кайрылды

Автор

Алматыда жер титирөөдөн жабыркаган 44 адам ооруканаларга кайрылды. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Жабыркагандардын көбү башы айлануу, колу-бутун дубалга же үй буюмдарына уруп алуу сыяктуу жаракаттар менен кайрылышкан.
Алардын 10у жаш бала болсо, 34ү чоң кишилер болгон. Терезеден секирип кетип, жаракат алган үч чоң киши ооруканага жаткырылып, калганы үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Жаш балдардын бешөө ооруканаларга жаткырылып, бешөөнө тиешелүү жардамдар берилгенден кийин үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Ооруканага жаткырылган балдардын ичинде бири керебеттен, бири апасынын колунан кулап, жаракат алган 6 айлык жана 7 айлык эки ымыркай да бар экени айтылды.
Учурда нейрохирургия жана травматология бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканы айтылат маалыматта.
22-январдан 23-январга караган түнү түнкү саат 00:9 чамасында жер титиреген. Силкинүү Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында болуп, очогундагы күчү 6,2 баллга жеткен.
Алматы шаарында 5 баллдык силкинүү катталган. Ал эми Кыргызстан боюнча Кумтөрдө 6 балл, Ысык-Көлдүн аймактарында 4,5-5 балл, Нарын аймактарында 4-4,5 балл, Бишкекте жана Чүйдө 3-3,5 балл болгону катталган.

Бөлүшүү:
Next Post

Аялдар менен эркектердин эс тутумунун айырмасы айтылды

Эркек менен аялдын эс тутумунун айырмачылыктары тууралуу психолог айтып берди. Анда эркектер маалыматтын маңызын, ал эми аялдар майда-чүйдөсүнө чейин эстейт деген пикирлер бар. Бирок, көп сандаган эксперименталдык изилдөөлөр боюнча, жыныстар ортосундагы эстутумда эч кандай ишенимдүү олуттуу айырмачылыктар табылган эмес. Эркектерде мейкиндик эс тутуму жакшыраак, ал эми аялдарда сенсордук эс тутум […]

Сизге жагышы мүмкүн