Кадыр Кошалиев Элдик курултайдын төрагалыгынан кетти

Автор

Кадыр Кошалиев Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы кызматынан кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазды.

«Биринчи Элдик Курултайдын делегаттары бекиткен Регламенттин 5-главасындагы төраганын ыйгарым укуктары жөнүндөгү талаптарга ылайык менин тегерегимдеги маселелерди делегаттардан жана адистерден турган комиссия тактаганга чейин Курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасынын ыйгарым укуктарын убактылуу орун басарым Бейшенбек Абдразаковго өткөрдүм.

Азыр интриганы токтотуп, ишке маани берели«Элдик курултай жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышына салым кошолу. Менин элге ачык айта турган сөздөрүм али алдыда…», — деп жазган ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек вице-мэри Нурдан Орунтаев УКМКда сурак берүүдө

Бишкек шаарынын вице – мэри Нурдан Орунтаев УКМК да сурак берип жатканы маалымдалууда. Ал 25-май күнү да сурак берип чыккан. Белгилүү болгондой, Орунтаев “Батуми” кафесинин ээси жазган арыздын негизинде сурак берип жатат. “Батуми” кафесинин юристи белгилегендей, кафенин сметалык баасы 80 млн сом. Мыйзамсыз бузуунун негизинде келтирилген чыгым 9 млн сомду […]

Сизге жагышы мүмкүн