Айбек Осмонов Матраимов менен “мамилеси бар” дегенге жооп берди

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов айрым массалык маалымат каражаттарында жарыяланган “Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек”,- деген материалга жооп берди. Ал биздин кабарчыбызга берген маегинде “биз Раимбек Матраимов менен бир райондон болобуз. Бир жерден болгондон кийин бири – бириңди тааныйсың да. Болгон мамилем ушул”,- деди.

Депутат “Исмаил-Ата” коомдук кайрымдуулук фонду курулушун аяктаган Муфтияттын жаңы имаратынын ачылышына барганы боюнча да, комментарий берди.
“Ал жерге депутат Искендер Матраимов чакырган. Атайын депутаттар үчүн даярдалган орунга отурганбыз. Кийинчерээк жаныбызга Райимбек Матраимов келип отуруп калды. Кээ бири ушундан улам “мамилеси бар” деп ойлоп жатышса керек”,- деди ал.
Эскерте кетүүчү жагдай, коррупция боюнча соттолгон Раимбек Матраимов менен депутат Айбек Осмоновдун мамилеси жаман экени мындан мурда айтылып келген.

Белгилүү журналист Манас Осмон: “Мекеним Кыргызстан” партиясы мурда Айбек Осмоновго таандык экени билинчү. Раим миллион кийин тартып алыптыр деп укканбыз. Анда Айбек Осмонов Ош шаардык кеңешинин депутаты болсо керек эле. Менимче экөөнүн мамилеси эч качан жакшы болгон жок. Азыр жөндөн жөн эле Айбек Осмоновду каралап жатышат”,-деп билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчыбек Ташиев Кыргызстан футболдун өлкөсү болорун айтты

Кыргыз футболдук союзунун кезексиз Конгресси бүгүн, 19-февралда өтүп, анда союздун жаңы президенттигине Камчыбек Ташиев шайланды. Конгрессте Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип, алдыдагы иштерди 3 көйгөйдү чечүү менен баштай турганына токтолду. Ал балдарды ойнотконго шарт жоктугун белгилеп, футбол инфраструктурасын өнүктүрүү керектигин айтты. “Учурда Бишкектин четиндеги Орок айылында стадиондун курулуш иштерин жакынкы […]

Сизге жагышы мүмкүн