Неймар 2024-жылы Америка Кубогуна катышпайт. Себеби

Автор

Бразилиялык чабуулчу Неймар 2024-жылкы Америка Кубогуна катышпайт. Бул тууралуу Улуттук кураманын дарыгери Родриго Ласмар билдирди.
Октябрь айында 31 жаштагы футболчунун тизесинин кайчылаш байламы үзүлүп, андан кийин ага операция жасалган. Калыбына келтирүү мезгили болжол менен он айга созулат.
“Неймардын талаага кайтып келиши жөнүндө айтууга али эрте. Ашыкча тобокелчиликке баруусуна эч кандай пайда жок. Менимче, ал Европада жаңы сезондун башталышы менен келерки августка чейин кайра оюнга чыга албайт. Биз чыдамкай болушубуз керек», – деди дарыгер.
2024-жылы Америка Кубогу 20-июндан 14-июлга чейин өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

21-декабрга карата аба ырайы

Эртең, 21-декабрда өлкө аймагында кар жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9, Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11, Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7, Нарын облусунда […]

Сизге жагышы мүмкүн