Мбаппе Франциядагы демонстранттарды токтотууга үндөдү

Автор

ПСЖнын чабуулчусу Килиан Мбаппе Франциядагы митингчилерди токтотууга чакырды.

«Элдин кыжырдануусуна эмне себеп болгонун түшүнөбүз. Бул жигиттин өлүмүнө өздөрү да таң калып жатышат. Бирок биз азыр эмне болуп жатканын жактыра албайбыз. Зордук-зомбулук эч нерсени чечпейт. Биз тынчтыкка, аң-сезимге жана жоопкерчиликке чакырабыз”,-деди француз футбол командасынын капитаны Килиан Мбаппе.

Эске салсак, 27-июнда Франциянын Нантер шаарында полиция кызматкери 17 жаштагы өспүрүмдү буйрукка баш ийбей койгону үчүн атып салган. Бул окуя бүткүл Францияда стихиялуу баш аламандыктарды жаратты.

Бөлүшүү:
Next Post

«Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы түзүлдү

Эл аралык «Манас» аэропорту «Асман Эйрлайнс» туунду  авиакомпаниясын түздү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди. Маалыматка караганда «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясынын башкы директору болуп  Жолдошбек Айдаралиев дайындалган. Айдаралиев буга чейин  «Эйр KG» авиакомпаниясын жетектеп келген.   Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн