Кыргызстандын ички дүӊ өнүмү 3,4% өстү

Автор

Ушул жылдын  январь-май айында өткөн жылдын ушул эле айларына салыштырмалуу ички дүң өнүмү 3,4 % жогорулап, 355 млрд. сомго жакындады. Бул тууралуу Улуттук Статистикалык комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, ИДПнын эң көп өсүшү товардык өндүрүү жана кызмат көрсөтүү тармактарына туура келген.

Муну менен катар, товардык өндүрүү тармактарынын өсүү темпи мурунку жылдын январь-майына салыштырмалуу 1,9%га, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 4,1%га жогорулады.

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (53,8 %) кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келди, бул өткөн жылдын январь-майына 1,4 пайыздык пунктка аз, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү быйылкы жылдын январь-майында 1,4%дык пунктка  төмөндөдү жана 26,1 %түздү. Муну менен бирге, өнөр жайдын үлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,9 пайыздык пунктка,  айыл чарбасынын үлүшү 0,5 пайыздык пунктка жана курулуштун үлүшү  0,4 пайыздык пунктка азайды.

Бөлүшүү:
Next Post

Өрттөн каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 15,6 миң доллардан төлөнөт

Казакстандын Абай облусундагы өрттөн каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө “Казакстан Халкына” фондунун каражаттарынан 7 миллион теңге (15,6 миң доллар), ошондой эле ар бир жашы жете элек бала үчүн 2 миллион тенге (4,4 миң доллар) төлөнөт. Буга катар эле каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө керектүү колдоо көрсөтүү үчүн өзүнчө фонд түзүлдү. Казакстандын 40тан […]

Сизге жагышы мүмкүн