Өрттөн каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 15,6 миң доллардан төлөнөт

Автор

Казакстандын Абай облусундагы өрттөн каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө “Казакстан Халкына” фондунун каражаттарынан 7 миллион теңге (15,6 миң доллар), ошондой эле ар бир жашы жете элек бала үчүн 2 миллион тенге (4,4 миң доллар) төлөнөт.
Буга катар эле каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө керектүү колдоо көрсөтүү үчүн өзүнчө фонд түзүлдү.
Казакстандын 40тан ашык университеттери өрттөн жабыркаган үй-бүлөлөрдүн студенттерине гранттарды жана жатаканадан орун берүүгө даяр.
Казакстандын чыгышындагы Абай аймагында табигый өрт 8-июнда башталган. Өрттү өчүрүүгө 1530 адам, 320 техника, 14 тик учак тартылууда. Өрттүн кесепетинен 14 токойчу кызмат учурунда көз жумган.

Бөлүшүү:
Next Post

Адахан Мадумаров кол койгон протокол ратификация болгон эмес

Өмүрбек Текебаев депутат Адахан Мадумаров боюнча козголгон кылмыш иштин чоо – жайын айтып берди. Ал мындай деген:  “Адахан Мадумаров Коопсуздук Кеңешинин катчысы катары протоколго кол койгон. Бул ниет деп аталат. Ошонун негизинде өкмөт текстерин даярдайт. Ага тийешелүү өкмөт мүчөлөрү кол коёт. Ошондой келишимге 2009-жылдын декабрь айында Тажик менен Кыргыз өкмөттөрү […]

Сизге жагышы мүмкүн