Кайра шайлоого 35 талапкер катталды

Автор

Баткен, Ош жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоого 35 талапкер катталды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, анын ичинде №2 Баткен шайлоо округунан 10 талапкер, 14 талапкер №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан жана 11 талапкер №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан катталды.
Бул аймактар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди кѳрсѳтүү 28-мартта аяктаган. Талапкерлерди каттоо 8-апрелге чейин, андан кийин 27-апрелге чейин үгүт өнөктүгү жүрөт.
Эске салсак, 28-апрелде өлкөдө жалпы үч округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

НАТОнун лидерлери саммитте Киевди альянска кошулууга чакырбайт

Түндүк Атлантикалык альянстын өлкөлөрүнүн лидерлери Вашингтондо июль айында өтүүчү саммитте Киевге уюмга мүчө болууну сунуштабайт. Бул тууралуу “Известия” гезити The New York Times басылмасына шилтеме берип жазды. Маалыматка караганда украин бийликтери НАТОго кирүү үчүн расмий чакыруу алат деп күтүүдө. Бирок альянстын өкүлдөрү бул арналган иш-чараларда болбойт деген пикирде. «НАТО жамааттык […]

Сизге жагышы мүмкүн