Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курамасы Бангладешти жеңди

Автор

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Азия чемпионатынын борбордук зонасында Бангладештин командасын жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Непалдын Катманду шаарында өтүп жаткан мелдеште Кыргызстандын курамасы Бангладештин командасын 3:0 эсебинде жеңген. Кыргызстандын командасы буга чейин Непал жана Индиянын командаларынан жеңилген.

Эми команда турнирде 5-8-орундар үчүн ойноп, алгач “В” тайпасында 4-орунду ээлеген команда менен беттешет.

Мелдешке 8 мамлекеттен – Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Непал, Шри-Ланка, Бангладеш, Мальдив жана Индиядан келген курама командалар катышып жатат.

Белгилей кетсек, Азия чемпионатынын борбордук зонасы Непалдын Кутмандуу шаарында 20-май күнү башталып, 30-майга чейин уланмакчы.

Бөлүшүү:
Next Post

Бахмут үчүн салгылашууларда канча жоготтуу болгону айтылды

Вагнер бөлүктөрү Бахмут үчүн болгон салгылашууларда 20 миңдей кишисин жоготту. Алардын жарымы туткундар экенин негиздөөчүсү Евгений Пригожин билдирди. Анын айтымында, жалпысынан аскердик ишканага 50 миң туткун тартылган. Вагнердин жанындагы Бахмут үчүн салгылашууларга келишим менен келген жоокерлер менен бирге жалпысынан 35 миң адам катышкан. «Операция учурунда 50 миң туткунду тандадым, алардын […]

Сизге жагышы мүмкүн