Бүгүн Бишкекте бир катар көчөлөр жабылат

Автор

Бишкекте 14-ноябрда бир катар көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Мындай чара Бишкекте өтчү КМШга мүчө-өлкөлөрдүн саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуу кеңешинин ХХХVI отурумуна арналган «Ден соолук» аталышындагы чуркоо спорттук иш-чарасы байланыштуу.

Иш-чара өтүү учурунда Бишкек шаарынын Жайыл Баатыр көчөсүндө, А.Чортеков көчөсүнөн Ж.Шералиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө саат 09:00дөн 12:00гө чейинки унаа кыймылына чектөө киргизилет.

Милициянын кайгуул кызматы шаар тургундарын жана конокторун түшүнүү менен кабыл алууга чакырып, келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек мэринин жаңы орун басары дайындалды

Борбор калаанын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Муниципалитеттен билдиришкендей, Кадыров Азамат Кадырович Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк жана жерди пайдалануу маселелери боюнча орун басары болуп дайындалды. Ал буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин директорунун орун басары болуп эмгектенген. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн