Азия чемпионаты -2024: Кыргызстандын байге куржунунда 14 медаль бар

Автор

Бишкекте спорттук күрөш (эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү) боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды.
Мелдештер 11-16-апрель аралыгында “Бишкек Арена” шаардык муз аянтчасында өттү. Ага 20га жакын мамлекеттин курама командалары катышты.
Кыргызстандын байге куржунунда жалпы 14 медаль бар, анын ичинен 4 — алтын, 3 — күмүш жана 7 — коло.
Байгелүү орундарды багындырган эркин күрөшчүлөр:
Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) — алтын
Айаал Лазарев (125 кг) — күмүш
Алибек Осмонов (70 кг) — коло
жана Улукбек Жолдошбеков (65 кг) — коло медаль.
Жалпы командалык эсепте 121 упай топтоп кыргыз балбандары 3-орунду ээледи.

Кыз-келиндер күрөшү:

Айсулуу Тыныбекова (62 кг) — алтын
Айпери Медет кызы (76 кг) — алтын
Арууке Кадырбек кызы (55 кг) — коло
Гүлнура Таштанбекова (68 кг) — коло медаль.
Жалпы командалык эсепте Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы 5-орунду ээледи.

Грек-рим күрөшү:

Жоламан Шаршенбеков (60 кг) — алтын
Акжол Махмудов (77 кг) — күмүш
Раззак Бейшекеев (67 кг) — күмүш
Бекзат Орункул уулу (82 кг) — коло
Улан Муратбек уулу (55 кг) — коло
Эрлан Манатбеков (130 кг) — коло медаль тагынды.
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама жалпы командалык эсеп боюнча 2-орунду ээледи.

Белгилей кетсек, Азия чемпионатын өткөрүүгө мамлекет тарабынан 16 млн сом бөлүнгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ менен Кытайдын коргоо министрлери сүйлөштү

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин 2022-жылдан бери биринчи жолу кытайлык кесиптеши Дун Цзюнь менен видео байланыш аркылуу сүйлөштү. Пентагондун маалыматына караганда тараптар эки тараптуу мамилелерди жана аскердик кызматташтыкты талкуулашты. Мындан тышкары, министрлер Тайвань маселесине токтолушту. Кытайдын аскерий лидери АКШ менен Кытайдын ортосундагы мамилелердеги өз ара түшүнүшүү дүйнөлүк деңгээлде туруктуулук менен […]

Сизге жагышы мүмкүн