Бүгүн Бишкекте күрөш боюнча Азия биринчилиги башталат

Автор

Бишкекте бүгүн, 11-апрелде күрөш боюнча Азия биринчилиги башталат. Бул мелдешке Азия өлкөлөрүнөн 366 спортчу катышат. Алардын арасында Олимпиада, дүйнө жана Азия чемпиондору бар.
Азия биринчилигинин алкагында 11-12-апрелде эркин күрөш, 13-14-апрелде кыз-келиндер жаан 15-16-апрелде грек-рим күрөшү боюнча таймаштар өтөт.
Мелдештин биринчи күнүндө эркин күрөш боюнча балбандар 57, 65, 70, 79 жана 97 кг, экинчи күнү 61, 74, 86, 92 жана 125 кг салмактарда күч сынашат.
Ошондо чемпионаттын алгачкы күнүндө кыргызстандык балбандардан Алмаз Сманбеков (57 кг), Улукбек Жолдошбеков (65 кг), Алибек Осмонов (70 кг), Адилет Маратбаев (79 кг), Андрей Аронов (97 кг), эртеси Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг), Канат Керимбеков (74 кг), Атай Изабеков (86 кг), Нуртилек Карыпбаев (92 кг), Айаал Лазарев (125 кг) күрөшөт.
Квалификациялык беттештер саат 11:00до башталат. Ал эми финал ошол эле күнү 18:00до болот.
Мелдеш «Бишкек Аренада» өтөт (дареги: Виноградная көчөсү 1/3).

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Бишкекте Орусия киносунун күндөрү башталат

Кыргызстанда 11-апрелден 14-апрелге чейин Россия киносунун күндөрү өтөт. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Маалыматка ылайык, иш-чара Россиянын Маданият министрлигинин колдоосу менен Роскино тарабынан уюштурулган. Бул жылы көрүүчүлөргө орус тилиндеги кыргыз субтитрлери менен «Вызов», «Снегирь», «По щучьему велению», «Воздух», «Чебурашка» көркөм тасмалары тартууланат. Тасмалар Бишкек жана Ош шаарларында көрсөтүлөт: Бишкек, […]

Сизге жагышы мүмкүн