Кыргызстандык жөө күлүктөр эл аралык мелдеште биринчиликти алды

Автор

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча улуттук курамасы Өзбекстандагы Tashkent эл аралык марафонунда жалпы командалык көрсөткүчтө биринчи орунга илинди. Бул тууралуу Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 11-13-март күндөрү Ташкент шаарында өтүп, 34 өлкөнүн спортчулары 3 чакырым, 10 чакырым, жарым марафон жана марафондо чуркашты.

Кыргызстандын куржунунда эки алтын, бир күмүш медаль топтолду: кыз-келиндер арасында Гүлшанай Саттарова марафондо (42,195 чакырым) чуркап, маарага 2:46.34 убакытта келип, биринчи орунду камсыздады. Эркектер арасында Илья Тяпкин маарага 2:25.30 убакытта келип, экинчи орунга илинди.

Ал эми жарым марафондо (21,1 чакырым) Айнуска Калил кызы 1:15.52 убакытта финишке келип, алтын медаль утту.

Бөлүшүү:
Next Post

Теңгиз Бөлтүрүк айтылгандарды четке какты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин  СИЗОсунда жаткан Теңгиз Бөлтүрүк эч кандай кыйноолорго кабылган эмес. Мындай маалымат Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун кызматкерлери менен Теңгиз Бөлтүрүктүн жолугушуусунда белгилүү болду. Ал жубайы Илмира Алпыспаеванын билдирүүлөрүн четке какты. Кечээ Илмира Алпыспаева “Назар Ньюс” маалымат агенттигинде пресс жыйын куруп, күйөөсүнүн оң билегинде шишик бар […]

Сизге жагышы мүмкүн