Теңгиз Бөлтүрүк айтылгандарды четке какты

Автор

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин  СИЗОсунда жаткан Теңгиз Бөлтүрүк эч кандай кыйноолорго кабылган эмес. Мындай маалымат Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун кызматкерлери менен Теңгиз Бөлтүрүктүн жолугушуусунда белгилүү болду. Ал жубайы Илмира Алпыспаеванын билдирүүлөрүн четке какты. Кечээ Илмира Алпыспаева “Назар Ньюс” маалымат агенттигинде пресс жыйын куруп, күйөөсүнүн оң билегинде шишик бар экенин, балким ал кысымга кабылышы мүмкүн экенин божомолдогон. Улуттук борбордун өкүлдөрү менен болгон жолугушууда Теңгиз Бөлтүрүк эч кандай кыйноолорго кабылбаганын айтты.

Эскерте кетсек, Теңгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” ЖАКты башкарып турганда мамлекеттик бюджетти 1 млрд сом чыгымга учураткан делип 2022-жылдын 13-сентябрында камакка алынган.

Бөлүшүү:
Next Post

Жер мафиясына сокку урулат

Эми жер басып алгандарга катуу чаралар көрүлмөк болду. Бүгүн 1-май райондук администрациясында “Бишкек башкы архитектура”, “Кадастр” шаардык мэриянын жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы, РИИБ жана айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү катышкан жыйын болуп өттү.  Жыйында мыйзамсыз жер басып алгандарды, Бишкектин аймагында жер участокторун берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жарандарды аныктап, кылмыш жоопкерчилигине […]

Сизге жагышы мүмкүн