Кыргызстандык боксчулар Бишкекте өткөн эл аралык мелдеште 23 медаль жеңди

Автор

Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

 

Спорттук иш-чара 21-25-март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болуп, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Белорусь жана Түштүк Кореянын спортчулары катышты.

 

Боксчулар 48, 51, 54, 57, 60, 63,5. 67, 71, 75, 80, 86, 92, +92 кг салмак категорияларында күч сынашты.

 

Жалпы эсеп боюнча Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы 23 медаль (6 алтын, 7 күмүш, 10 коло) жеңди.

 

Алтын медалдын ээлери:

54 кг — Санжар Сейдакматов;

57 кг — Ислам Төрөбаев;

63,5 кг — Жантөрө Ташиев;

71 кг — Элдар Турдубаев;

75 кг — Данияр Дамир уулу;

86 кг — Эркин Адылбек уулу.

Күмүш медалдын ээлери:

48 кг — Анваржан Ходжаев;

67 кг — Жакшылык Таалайбеков;

71 кг — Нурадин Рустамбек уулу;

75 кг — Даниел Абдрахманов;

80 кг — Омурбек Бекжигит уулу;

92 кг — Бакыт Токтосун уулу;

+92 кг — Оомантбек Элчоро уулу

Коло медаль ээлери:

48 кг — Жеңиш Улпатов;

63,5 кг — Иктияр Нишанов;

67 кг — Элзат Саттаркулов;

75 кг — Султан Асанкул уулу жана Сагын Сатыбалды уулу;

80 кг — Азамат Усенов;

86 кг — Данияр Орозбеков;

92 кг — Бакыт Токтосун уулу;

+92 кг — Сапарбек Саипов жана Адлен Абидин уулу.

 

Белгилей кетсек, эл аралык мелдештин байге фонду 40 миң АКШ долларын түздү.

1-орун 1400 $;

2-орун 700 $;

3-орун 500 $;

3-орун 500 $.

Бөлүшүү:
Next Post

“Айыл чарбасын каржылоо - 11” долбоору боюнча 190,6 млн сомго 407 насыя берилди

“Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоору боюнча 190 млн 675 миң сомго 407 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 33 млн 960 миң сомго 78 насыя берилди. Банктар боюнча алганда:   – “Айыл Банк” ААК 18 млн […]

Сизге жагышы мүмкүн