“Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоору боюнча 190,6 млн сомго 407 насыя берилди

Автор

“Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоору боюнча 190 млн 675 миң сомго 407 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 33 млн 960 миң сомго 78 насыя берилди. Банктар боюнча алганда:

 

– “Айыл Банк” ААК 18 млн 290 миң сомго 40 насыя;

 

– “РСК Банк” ААК 15 млн 670 миң сомго 38 насыя;

 

Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 156 млн 715 миң сомго 329 насыя берилди. Банктар боюнча алганда:

 

– “Айыл Банк” ААК 65 млн 95 миң сомго 134 насыя;

 

– “РСК Банк” ААК 91 млн 620 миң сомго 195 насыя.

Бөлүшүү:
Next Post

МСК: Салык декларациясын тапшырууга бир жума калды

Юридикалык жактарда, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларда бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу үчүн бир жума калды. Бул тууралуу Салык кызматы эскертет.   Эскерте кетсек, 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, ата мекендик уюмдар, анын ичинде дыйкан жана фермердик чарбалар, ошондой эле туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар салык декларациясын […]

Сизге жагышы мүмкүн