Кыргызстанда  4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Автор

Бүгүн, 2-майда саат 10:46да Кыргызстандын түштүк аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Чаткал тоо кыркаларында, тагыраак айтканда Кашка-Суу айылынан түндүк-чыгышка карай 15 км, Жылгын айылынан батышка карай 20 км, Аркыт айылынан түндүк-батышка карай 25 км, Кербен айылынан чыгышка карай 25 км жана Ош шаарынан түндүк-чыгышка карай 155 км аралыкта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Аркы, жылгын, Кашка-Суу, Авлетим, Тегирмен-Сай айылдарында 3,5 балл, Достук айылында 3 баллга чейин сезилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Судандагы мамлекеттик медициналык мекемелердин иши токтоду

Судандын борборундагы бардык мамлекеттик медициналык мекемелер өз ишин токтотту. Дарыгерлердин айтымында, жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү улантып жаткан медициналык мекемелерде кычкылтек жабдыктары жетишсиз. “Саламаттыкты сактоо тармагында болуп жаткан нерсе адамзатка каршы кылмыш”,-деген дарыгерлер гуманитардык кризистин жалгыз чечими согуштук аракеттерди токтотуу экенин баса белгилешти. Судандагы кырдаал Эгемендик Кеңешти да жетектеген армиянын командири Абдель […]

Сизге жагышы мүмкүн