Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 4 миңден ашуун спортчу катышары күтүлүүдө

Автор

Быйылкы Казакстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 107 өлкөдөн 4000ден ашуун спортчу катышары күтүлүүдө. Казакстан туризм министрлигинин билдиргенине караганда оюндар спорт, маданият, илим болуп үч багытта өтөт.
Маалыматка ылайык, мелдешке ат оюндары, улуттук күрөштүн түрлөрү, салттуу жаа атуу, куш салуу жана интеллектуалдык спорттун түрлөрү кирет. Көргөзмө программасында этникалык спорттун 10 түрү камтылган.
Көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү дирекциясынын жетекчисинин орун басары Абылай Кондыбаевдин айтымында, оюндар өтө турган жайлар бири-бирине жакын, катышуучуларга транспорт уюштурулат. Ошондой эле ат майдандын аймагындагы 10 гектар жерге «Көчмөндөр ааламы» этноайылы ачылып, маданий программалардын аянтчасы болот.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 8-14-сентябрь күндөрү Астанада өтөт. Буга чейин үч жолу Кыргызстанда, бир ирет Түркияда болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Козголгон кылмыш иште 36 киши көрсөтмө берди

Кечээ “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун соттук отуруму кеч сааттарга чейин уланды. Ага козголгон кылмыш иште күбөлөр суралып, ушул кезге чейин 12 күбө көрсөтмөсүн берген. Алардын ичинде Исмаил Исаков, Руслан Казакбаев, Токон Мамытов, Эмил Шерматов жана Нурлан Сулаймановдор бар. Күбөлөр соттук териштирүүлөр учурундагы маалыматтарды таратпоого тил кат беришкени белгилүү […]

Сизге жагышы мүмкүн