Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Камчыбек Ташиевди эл колдоого алып жатат”

Автор

Белгилүү журналист, саясат талдоочу Сабыр Муканбетовду кепке тартып, криминал, алардын жан жөөкөрлөрү жана кримчөйрөнүн талабын аткарып берген соттор тууралуу сүйлөштүк.

– Сабыр мырза, мына өзүңүз көрдүңүз, Азим Ройго кылмыш иш козголду. Андан мурда ал киши генерал Өмүрбек Суваналиевди доого жыгып, сүйүнүп аткан. Ушундай түшүнүксүз жагдайлар боюнча пикириңиз кандай?

– Эгер эсиңде болсо, коомчулукту дүргүткөн сүрөт жарыяланбады беле? Сүрөттө Азим Рой Президент менен байпакчан катышып отурат. Ал эми кийинчерээк ИИМден сыйлык албадыбы. Анан эле бүгүн кылмыш иши козголуп атышы албетте сен айткандай түшүнбөстүктөрдү жаратып, коомчулуктун оозун ачырды. Анан коррупция, кылмыштуулук менен шымалана күрөшүп аткан Камчыбек Ташиевдин аракеттерин эл кантип колдобой койот? Ошон үчүн эл кош колдоп колдоого алып атат да.

– Азим Ройдун кримтөбөл Камчы Көлбаевдин насаатчысы жана жакын адамы экенин билип туруп, соттор анын талабын канааттандырып беришти. Мунун укуктук негизде аныктамасы барбы?

– Каралар дүйнөсүнүн аталыгы аталган Азимбек Рой таасири, пулу менен сотторду да колго алып анын кылмыштуу дүйнөдөгү кылыктарын айгинелеген Өмүрбек Субаналиевди сотко берип айып салдырып жеңип алганы да биздин соттордун анык жүзүн көрсөткөн. Садыр Жапаров менен түшкөн сүрөтүн көрүп, “кокуй президенттин жакыны тура”- деген соттор да биздин сот системасынын өлгөнүнүн эле далили болуп калды.

– Сабыр мырза мындай соттор президент менен УКМК төрагасынын мамилесине доо кетирбейби?

– Туура суроо, Камчыбек Ташиевдин бул аракетин саясат катары баалагандар да бар.

Президенттин огородуна таш ыргытып рейтингин төмөндөтө турган кадам экени да талашсыз. Ошондуктан, жанагыдай “саясат аралашып кеткен”- деген сөздөр чыгып атат. Саясаты жок чын күрөш болсо, анда эмнеге буга чейин Азим Ройдун кылмыштарын айгинелеп келгендер менен биригип аракет кылбай, аларды душман тутуп акыйнек айтышып келет.

Элге кайрылып, “баарылап аракет кылалы, жалпы эл жардам бербесе жалгыз укук коргоо органдарынын колунан келбейт”- дешкендери кайсы да, анан жардам берчүлөрдү душман тутуп кошулуп жүргөндөрү кайсы? Анан ошону көргөн эл “саясат, жеке кызыкчылык”- дебегенде эмне дейт.

Башкарууда чалды-куйду, ылгабагандык, жеке кызыкчылык үстөмдүк кылгандыктан Президенттин жакындары жанагынтип Азим Ройду жетелеп төргө чыгарып Садыр Жапаровду сөзгө сөлтүк кылып атпайбы.

 

Мээрим Орозбаева

Бөлүшүү:
Next Post

Жапаров Орусиянын федерация кеңешинин төрайымын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн өлкөгө келген Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенкону кабыл алды. Кыргыз-Россия кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелери, анын ичинде эки өлкөнүн парламенттер аралык байланыштарын өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Валентина Матвиенкону жылуу кабыл алып, кыргыз-орус […]

Сизге жагышы мүмкүн