Кыргызстанда “ЧВК Редан”кыймылы көбөйүп баратат

Автор

Бишкек шаардык мэриясы төртүнчү чейректен баштап, мектептерде укук бузуулардын алдын алуу боюнча укук коргоо органдары менен иш алып бараарын билдирди. Буга себеп катары, окуучулардын арасында “ЧВК Редан” кыймылына мүчө болгондор күн сайын көбөйүп жатканы көрсөтүлдү. Ошондуктан өспүрүмдөрдү окуудан кийин көзөмөлдөөнүн зарылдыгы белгиленип, керектүү учурда  мобилдик тиркемелерди орнотуу аркылуу ата – энелери да балдарына баам салып турушу керек.

“ЧВК Редан” 10-11-класстагылардын аниме сүйүүчүлөр бирикмеси. Алар өздөрүн “Реданчыларбыз” – деп, 12 буттуу жөргөмүштүн же, 4 сан түшүрүлгөн кийимдерди кийип жүрүшөт. Мындай кийимдерди Жапониядагы Хисока аттуу согушкерлер кийет.

Бөлүшүү:
Next Post

145 жашка чыккан карыя огородунда эмгектенет

1870-жылы Индонезияда туулган карыя 145 жашына кирди. Ал басат, тамеки тартат, кечке чейин огородунда майда – чүйдө иштер менен алектенет. Табытын мындан 24 жыл мурда жасатып, даярдап койгон. Анын жалгыз гана үмүтү өлүм менен кездешүү.  Балдары болсо “дүйнөнүн эң узун өмүрлүү адамы” наамы үчүн Гиннес рекорддор китебине документтерин даярдап жатышкандарын […]

Сизге жагышы мүмкүн