Мамлекеттин карамагына өткөн мүлк парламенттин уруксаты жок эле сатылат

Автор

Эми мамлекеттин карамагына өткөн мүлк сатылып жатканда парламенттин уруксатына сунулбай турган мыйзам долбоору каралып жатат.
Конфискацияланган, же жаран өз эрки менен мамлекетке өткөрүп берген мүлктөрдү Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги өзү сатуу укугуна ээ болууда.
2021-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринен жана айрым шектүү жарандардан бир нече жеке менчик объекттер конфискацияланып, мамлекеттин эсебине өттү. “Аю”,”Баткен-Комфорт”, “Кара-Суу” базары, “Ала-Арча” соода түйүндөрү жана Камчы Көлбаев менен Раим Матраимовдун мүлктөрү бар.

Бөлүшүү:
Next Post

2023-жылы Маданият министрлигине 7,3 млрд сом бөлүндү

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиялык жыйыны болуп, ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Жыйында министрликтин былтыркы жылдагы иштеринин жыйынтыгы жана 2024-жылга карата пландары талкууланды. Акылбек Жапаров маалымдагандай, 2,5 жылдын ичинде маданият тармагына бөлүнгөн каражат үч эсеге көбөйүп, 2023-жылы 7,3 миллиард сомду түзгөн. Ал эми спорт тармагына […]

Сизге жагышы мүмкүн