Тажикстанда камакта жаткан кыргыз атуулдарын куткаруу айтылды

Автор

Тажикстанда камакта жаткан кыргыз атуулдарын куткарууну бүгүн, 7-мартта парламенттин жалпы жыйынында айтылды.
Тажикстандын мурдагы жараны Кубатбек Юлдашев Кыргызстанга көчүп келип, кыргыз атуулдугун алган. 2022-жылы Тажикстандын Исфара шаарында жашаган ата-энесине барса, тажик коопсуздук кызматтары аны шпионсуң деген айып менен 13 жылга камап жиберген. Учурда ал жакта түрмөдө жатат.
Депутат Султан Айжигитов “Тажикстанда кимдир бирөө медаль алып, ишинен жыйынтык көрсөткүсү келип эле биздин жаранды камап жиберди. Былтыр 11 кишини дагы ушинтип камаганда бошотуп албадык беле? Бул кишини да сүйлөшүп, чыгарып алуу боюнча протоколдук тапшырма берип койсок”,- деди.
Баткен эли арызданып, кыргыз бийлигинен суранып жатканын айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

Ыйык Рамазан айына кандай даярдануу керек? Кеңештер

Рамазан айы мусулмандар үчүн ыйык ай, анда алар атайын диний парздарды, анын ичинде күндүзү орозо кармашат. Рамазанга даярдануу бир нече маанилүү кадамдарды камтыйт: 1. Денеңизди жана акылыңызды даярдаңыз: Рамазан – руханий жактан тазалануу мезгили. Бул айдын маанисин түшүнүүгө аракет кылыңыз жана Рамазан айынын парздарын аткарууга ниет кылыңыз. Жаныңды жана акылыңды, […]

Сизге жагышы мүмкүн