Кыргызстанда кызамыктын 536 учуру аныкталды

Автор

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2024-жылдын башынан бери өлкөдө кызамык оорусунун 536 учуру аныкталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү: Бишкек шаары – 177 учур, Ош шаары – 9 учур, Чүй облусу – 132 учур, Жалал-Абад облусу – 130 учур, Ош облусу – 75 учур, Баткен облусу – 5 учур, Ысык-Көл облусу – 5 учур, Нарын облусунда – 3 учур.

Кызамык менен ооругандардын курактык бөлүштүрүлүшү:

• 1 жашка чейин – 182 учур;

• 1 жаштан 4 жашка чейин — 201 учур;

• 5 жаштан 9 жашка чейин – 77 учур;

• 10 жаштан 14 жашка чейин — 22 учур;

• 15 жаштан 19 жашка чейин — 13 учур;

• 20 жаштан 29 жашка чейин – 24 учур;

• 30 жаштан жогоркулар — 17 учур.

Республикада кызамык оорусу 2023-жылдын 1-жумасында Бишкек шаарында башталып, Түркиядан жана Россия Федерациясынан жуктуруп келген учур катталып, генотиптөө үчүн анализдер алынып, культураны изилдөөлөрдөн кызамык вирусунун D8 генотиби аныкталган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан Афганистанга 111 тонна гуманитардык жардам жеткирди

Кыргызстан Афганистанга 111 тонна гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өткөн жылдын 7-октябрында Афганистанда болгон табигый кырсыктын кесепети өлкө элине бир кыйла оорчулук келтирди. Андыктан Кыргызстан реалдуу жардам көрсөтүүнүн конкреттүү кадамдарына барууда. Өлкө жетекчилиги бийик трибуналардан Афганистан менен алаканы бекемдөө зарылдыгын, аларга көмөк көрсөтүү демилгесин […]

Сизге жагышы мүмкүн