Бир күндө биринчи класска 11 миң бала кабыл алынды

Автор

Кыргызстанда 10-апрелден 11-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 11 миң 47 бала кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Кабыл алуу мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтык система аркылуу жүргүзүлдү.

11 миң баланын ичинен 119у жеңилдик менен, 10 миң 928 бала жеңилдиксиз кабыл алынды.

 

Жер-жерлер боюнча алганда:

 

Бишкек шаарында 2 миң 580 бала.

Жалал-Абад облусунда 1 миң 748 бала.

Чүй облусунда 1 миң 653 бала.

Ош облусунда 1 миң 529 бала.

Ысык-Көл облусунда 1 миң 316 бала.

Баткен облусунда 1 миң 287 бала.

Талас облусунда 406 бала.

Нарын облусунда 367 бала.

Ош шаарында 161 бала кабыл алынды.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 10-апрелинен тарта баланы мамлекеттик же муниципалдык мектептин 1-классына ата-энесинин юридикалык катталган дареги боюнча, 26-июндан баштап дарегине карабай каалаган мектепте бош орундар бар болсо каттоого болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Катуу бороон! Тоң-Мурун ашуусунда  жол жабык

Алай районунун Ош-Сары-Таш-Эркештам жолу катуу борошоодон улам жабык бойдон турат. Мындай маалыматты “Апта” маалымат агенттигине Нура айылынын тургундары билдиришти. Катуу бороон Тоң-Мурун ашуусунда жүрүп жатат. Күрткүлөрдөн улам жолдор жабылып, жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаралды. Учурда ДЭУ-960 тракторлору тазалоо иштерин жүргүзүп жатышканы билдирилди. Кыргызстандын деңиз дэңгээлинен бийик делген эки ашуусу тең Алай районунда […]

Сизге жагышы мүмкүн