Бишкекте биринчи мамлекеттик дарыкана ачылды

Автор

Бишкектеги №3 поликлиникада биринчи мамлекеттик “Эл аман” дарыканасы ачылды. Бул тууралуу  Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул жерде өтө маанилүү препараттардын тизмесине кирген 800дөн ашык дары-дармек бар. Калк аларды жеке менчик аптекаларга караганда 10-15 пайызга арзан сатып алса болот.

Ушул жумада Ош шаарында, 10-ноябрга чейин республиканын бардык жеринде дарыканалардын ачылышы күтүлүүдө.

Жалпысынан 46 мамлекеттик дарыкана уюштурулат.

Бөлүшүү:
Next Post

Президенттер бири-бирине күчүк белек кылды

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов башкаруусунда биринчи жолу Түркияга расмий сапар жасады. Анкарага келген лидер алгач Ататүрктүн күмбөзүнө жана 2012-жылы анын атасы, өлкөнүн экинчи президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун катышуусунда ачылган  акын Магтымгулынын эстелигине зыярат кылды.  Андан соң түркмөн-түрк бизнес форумунун ачылышына катышты. Иш-чарадан кийин  Аксарайда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. […]

Сизге жагышы мүмкүн