Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Wp Pw
0 0
Read Time:43 Second

Президент Садыр Жапаров «КРнын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР мыйзамына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзам 2023-жылдын 5-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ага ылайык, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин жоболорун актуалдаштыруу жана ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен финансы пирамидасын ачык айкын, массалык маалымат каражаттарын жана интернет-ресурстарын колдонуу менен жарнамалоо үчүн жоопкерчиликти белгилөө, ошондой эле жарандардын укуктарын коргоо каралган.

Ошондо КР Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинде финансылык пирамиданы уюштуруу маселелери каралган.

Ошол эле учурда, КР Кылмыш-жаза кодексинин жогоруда белгиленген ченеминде финансылык пирамиданы жарнамалоо маселелери регламенттелбегендигине байланыштуу, кабыл алынган мыйзам менен КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинде финансы пирамидасын ачык айкын, массалык маалымат каражаттарын жана интернет-ресурстарын колдонуу менен жарнамалоо, ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен коштолсо, 1500дөн 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин (150000 ‒ 200000 сомго чейин) айып салуу жоопкерчиликтери белгиленген өзүнчө норма менен толукталды.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

16-майга карата аба ырайы

Эртең, 16-майда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;   Талас облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;   Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33;   Ысык-Көлдө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;   Нарын облусунда […]