Кыргызстанга Беларусь менен Армениянын парламенттик делегациялары келишти

Автор

Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Республикалык Кеңешинин Төрайымы Наталья Кочанова баштаган жана Армения Республикасынын Улуттук Жыйынынын төрагасынын орун басары Рубен Рубинян баштаган парламенттик делегациялар Кыргызстанга келишти.

Сыйлуу конокторду Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев «Манас» эл аралык аэропортунан тосуп алды.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 16-17-ноябрь күндөрү Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жыйындары өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн “Акшумкарлар” Малайзия курамасы менен беттешет

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы  2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарына катышат. Дүйнөлүк Чемпионаттын тандап алуу оюндары алкагындагы “Малайзия – Кыргызстан” беттеши Куала-Лумпур шаарындагы (Малайзия) “Букит Жалил” стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө «Кыргыз спорт ТВ» телеканалынан түз эфирде көрсөтүлөт. Ошондой эле «Дордой плаза» соода борборунда улуттук […]

Сизге жагышы мүмкүн