Бүгүн “Акшумкарлар” Малайзия курамасы менен беттешет

Автор

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы  2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарына катышат.

Дүйнөлүк Чемпионаттын тандап алуу оюндары алкагындагы “Малайзия – Кыргызстан” беттеши Куала-Лумпур шаарындагы (Малайзия) “Букит Жалил” стадионунда өтөт.

Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө «Кыргыз спорт ТВ» телеканалынан түз эфирде көрсөтүлөт. Ошондой эле «Дордой плаза» соода борборунда улуттук курама команданын күйөрмандары үчүн фан-зона уюштурулат.

Улуттук команда Малайзия, Оман жана Тайвань командалары менен бирге D тайпасына кирген. Ноябрдын орто ченинде дүйнөлүк чемпионатка тандоонун алгачкы эки беттеши өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркиянын башчысы Израилди изоляциялоо аракетин билдирди

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Газа тилкесиндеги операциядан улам Израилди эл аралык изоляцияга алуу ниетин билдирди. “Биз БУУнун Башкы Ассамблеясында 121 макул добуш менен кабыл алынган резолюциясына добуш берүүдөн калыс калган өлкөлөрдүн лидерлери менен диалогду жүргүзүп жатабыз. Ошол эле учурда Палестина элине көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн ар кандай гуманитардык колдоо […]

Сизге жагышы мүмкүн