БШК Адахан Мадумаровду мандатынан ажыратты

Автор

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 26-апрелде Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун ѳкүмүн талкуулады.
Жыйынтыгында Мадумаровду мандатынан ажыратты. Мындай чечимди БШКнын 12 мүчөсү колдоду.
Адахан Мадумаров 26-апрелге караган түнү боштондукка чыкты. Ага чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту Адахан Мадумаровду күнөөлүү деп таап, бирок жаза чегерген эмес.
Эске сала кетсек, Адахан Мадумаров 2009-жылдагы протоколдун айынан мамлекетке чыккынчылык кылган деп айыпталган болчу.

Бөлүшүү:
Next Post

Футзалчылар Афганистан курамасы менен беттешет

Кыргызстандын футзал боюнча курамасы 2024-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Вьетнам курамасын утуп алды. Беттеш Бангкок (Таиланд) шаарында өтүп, оюн акшумкарлардын пайдасына 3:2 эсебинде жыйынтыкталды. Голдордун авторлору: Максат Алимов (9′), Шохрух Махмадаминов (24′), Данияр Таалайбеков (39′). Эске салсак, азиялык курамалар арасында Дүйнө биринчилигине акыркы жолдомо үчүн Вьетнам жана Кыргызстан курамаларынан […]

Сизге жагышы мүмкүн