Жапаров Азербайжанга барды

Автор

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров  БУУнун Борбор Азиянын экономикалары үчүн Атайын программасынын (СПЕКА) мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн Азербайжанга иш сапары менен келди.

Мамлекет башчынын борту Бакунун Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортуна конду.

Аэропорттун флагштокторуна СПЕКАга мүчө мамлекеттердин желектери илинип, ардактуу кароолдун ротасы тизилди.

 

Президент Садыр Жапаровду Биринчи вице-премьер-министр Эюбов Ягуб Абдулла тосуп алды.

 

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын Азербайжандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кайрат Осмоналиев;

— Кыргызстандын Швейцариядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси — Кыргызстандын БУУдагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Омар Султанов;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев.

Бөлүшүү:
Next Post

2024-жылы ЖККУга төрагалык кылуу милдети Казакстанга жүктөлдү

Беларусия 2023-жылдын 31-декабрында ЖККУга төрагалык кылууну расмий түрдө Казакстанга өткөрүп берет. Бул тууралуу  Минскиде өткөн ЖККУнун кеңейтилген саммитинде Беларус президенти Александр Лукашенко билдирди. “Бул геосаясий жактан тез темп менен өткөн жыл болду, ошондуктан график тар болду. ЖККУ мүчө-өлкөлөрдүн жана бүтүндөй Евразия чөлкөмүнүн коопсуздугун камсыз кылуунун ажырагыс элементи”, – деди ал. […]

Сизге жагышы мүмкүн