Кызматтан кетишинин себебин айтты

Автор

Бул жумада кызматтан алынган Динара Кутманова “Марал” радиосуна маек куруп, министрликтин иши, лицензиялар жана өзүнүн отставкасы боюнча айтып берди. Экс-министрди президент кызматка дайындоо учурунда коррупция менен күрөшүү тапшырмасын берген. “30 жылда 7200 лицензия берилип, 4800 лицензия жокко чыккан. Анын 1900 архивге өткөрүлүп, 2900 лицензия ар кайсы жакта чачыранды болуп жаткан. Биринчи талабы аларды акт-сверкага чакыргамын. Айтор, коррупция тамырлап кеткенин көрүп, төбө чачым тик турду”,- дейт.

Динара айымдын кызматтан кетүүсү коррупция менен күрөшкөн ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн экендиги айтылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Гаагадагы эл аралык сот Владимир Путинди камакка алууга ордер берди

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Россиянын президенти Владимир Путин менен Россиянын Балдар омбудсмени Мария Львова-Белованы камакка алууга ордер берди. Соттун басма сөз кызматынын сайтындагы маалыматка караганда РФнын башчысы Украинанын оккупацияланган аймактарынан балдарды Россиянын аймагына мыйзамсыз депортациялоо жана мыйзамсыз өткөрүү боюнча айыпталууда. Кылмыштар 2022-жылдын 24-февралында жасалган. Балдар акыйкатчысы Мария Львова-Белова да […]

Сизге жагышы мүмкүн