Бишкек менен Чүйдө жакынкы сааттарда катуу шамал болот

Автор

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырат жана шамал болгон кезде коопсуз жайларда болуу керектигин эскертет.

Бөлүшүү:
Next Post

2050-жылга чейин ичүүчү суунун тартыштыгы күчөйт

Европалык климатологдор 2050-жылга чейин глобалдык деңгээлде ичүүчү суунун тартыштыгы күчөшү мүмкүн экенин болжолдошууда. Иликтөөнүн жүрүшүндө адистер дүйнө жүзү боюнча 10 миң дарыянын жана башка суу объектилеринин абалын карап чыгышкан. Алардын үчтөн бир бөлүгү кылымдын ортосуна чейин адам колдонууга жараксыз болуп калат. Буга азоттук жер семирткичтерден булгануу себеп болот. Натыйжада калктын […]

Сизге жагышы мүмкүн